Түрк Кеңешинин 8 -  саммити Стамбулдагы Демократия жана Эркиндиктер аралында башталды

Эрдоган : «Түркия катары биргеликте аракет кылуу үчүн «Түрк мамлекеттеринин жарандык коргонуу механизмин» түзүүнү сунуштап жатабыз»,- деди.

1733264
Түрк Кеңешинин 8 -  саммити Стамбулдагы Демократия жана Эркиндиктер аралында башталды

 Президент Режеп Таййип Эрдоган, табигый кырсыктар тууралуу : «Түркия катары биргеликте аракет кылуу үчүн «Түрк мамлекеттери уюмунун жарандык коргоо механизминин» курулушун сунуш кылуудабыз»,- деди.

Президент Эрдогандын жетекчилигинде өткөрүлгөн Түрк Кеңешинин мамлекет башчыларынын 8 -  саммити Стамбулдагы Демократия жана Эркиндиктер аралында башталды.

Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө терроризмге каршы күрөшүүгө токтолуп : «ПКК/ ЙПГ, ДЕАШ жана ФЕТӨ сыяктуу террордук уюмдардын бардык түрү менен күрөшүбүздү улантууда чечкиндүүбүз. Бул тууралуу кызматташуубузду күчөтүүбүз керек»,- деди.

Табигый апааттар менен күрөшүү үчүн : «Жашыл өнүгүүгө карата биргелешкен проекттерге бирге кол коюшубуз керек»,- деген Эрдоган : «Түркия катары биргеликте аракет кылуу үчүн «Түрк мамлекеттеринин жарандык коргонуу механизмин» түзүүнү сунуштап жатабыз»,- деди.

Президент Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасынын түрк дүйнөсүнүн ажырагыс бир бөлүгү экенин  баса белгилеп : "Түрк дүйнөсүнүн ажырагыс бир бөлүгү болгон кипрдык түрктөр дуушар болгон изоляция жана эмбаргону жеңилдетүүдөгү колдооңуздарга ишенем. Ислам жана чет элдик душмандыгы сыяктуу доорубуздун эпидемиясы болгон кыйратуучу агымдар менен күрөшүүдө бирдикте аракет кылышыбыз керек. Үй  - бүлөлүк сүрөтүбүздүн дагы да байышы үчүн алдыбыздагы мезгилде Түндүк Кипр Түрк Республикасынын арабызда болушун чын жүрөктөн каалайбыз»,- деди.

Эрдоган сөзүндө Түркияда төрт жылдан бери ийгиликтүү өтүп жаткан TEKNOFESTтин келерки жылы Азербайжанда өтөөрүн да билдирди.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев да саммитте сөз сүйлөп : «Бир тууганым (президент Эрдоган) Азербайжандын дүйнөдө жалгыз эмес экендигин жана Түркиянын ар дайым жанында болорун көрсөттү. Бүгүн түрк дүйнөсү өлкөлөрүнүн арасында  бир көз карашыбыз бар. Бул көз карашты  бекем бир негизге куруу керек»,- деди. Алиев : «Зенгезор коридору түрк дүйнөсүн бири бирине байланыштырат  жана бизди да Европа менен байланыштырат»,- деди.  

«Жашыл технологиялар жана санариптик доордо акылдуу шаарлар» деген темадагы саммитке Азербайжандын президенти Алиев, Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана байкоочу өлкөнүн премьер-министри Виктор Орбан катышууда.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулу Бердымухамедов да кеңешке байкоочу мүчө статусу менен биринчи жолу катышууда.



Тектеш кабарлар