Өзбекстанда болгон шайлоонун расмий жыйынтыгы билдирилди

Өзбекстанда 24 -октябрда өткөн президенттик шайлоодо Шевкет Мирзиёевдин жеңишке жеткени расмий түрдө жарыяланды.

1726607
Өзбекстанда болгон шайлоонун расмий жыйынтыгы билдирилди

Өзбекстанда 24 - октябрда өткөн президенттик шайлоодо Шавкат Мирзиёевдин жеңишке жеткени расмий түрдө жарыяланды.

Өзбекстандын Борбордук Шайлоо Комиссиясынын төрагасы Зайниддин Низамхожаев президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы боюнча Либерал-демократиялык партиядан кайрадан талапкерлиги көрсөтүлгөн президент Шавкат Мирзиёевдин шайлоодо жеңип чыкканын расмий түрдө жарыялады.

Низамхожаев Мирзиёев үчүн  12 миллион 988 миң 964 шайлоочу добуш бергенин билдирди.

Низамхожаев 670 миң 641 шайлоочунун (4,14 пайыз) Экология партиясынын лидери Нарзулла Обломурадовго, 1 миллион 75 миң 16 шайлоочунун (6,63 пайыз) Элдик - демократиялык партиядан талапкер Максуда Ворисовага, 549 миң 766 шайлоочунун (3, 39 пайыз) «Адилеттик» социал -  демократ партиясынын лидери Бахром Абдухалимовго, 88  миң 515  шайлоочунун (5, 48 пайыз) Улуттук өнүгүү демократиялык партиясынын лидери Алищер Кадировго добуш бергендигин билдирди.

Президенттик шайлоодо жалпысынан 16 миллион 212 миң 343 шайлоочунун добуш бергенин белгилеген Низамхожаев шайлоого катышкандардын  катнашы  80,4 пайызды түзгөнүн белгиледи.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар