Татарстан «президент» наамын жокко чыгарган мыйзам долбоорун четке какты

Татарстан Республикасынын Мамлекеттик кеңеши тарабынан Орусия парламентинин төмөнкү палатасы Думадан жөнөтүлгөн “аймактын эң жогорку деңгээлдеги башкаруучусунун наамын колдонуу” боюнча федералдык деңгээлдеги долбоору кечээ четке кагылды.

1725367
Татарстан «президент» наамын жокко чыгарган мыйзам долбоорун четке какты

Россия Федерациясынын курамына кирген Татарстан Республикасынын мамлекет башчысынын «президент» наамын жокко чыгарган мыйзам долбоору Татарстан мамлекеттик кеңешинде четке кагылып, чечим Кремлде (Орусия президенттиги) «урмат-сый менен» кабыл алынды.

Татарстан Республикасынын Мамлекеттик кеңеши тарабынан Орусия парламентинин төмөнкү палатасы Думадан жөнөтүлгөн “аймактын эң жогорку деңгээлдеги башкаруучусунун наамын колдонуу” боюнча федералдык деңгээлдеги долбоору кечээ четке кагылды.

Татарстандык депутаттардын чечими тууралуу суроого жооп берген Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, бул чечим мыйзам долбоорун изилдөөнүн алкагындагы пикир экенин айтты.

Песков:«Албетте, биз Россия Федерациясынын ар бир субъектинин пикирин сыйлайбыз. Бирок, бул мыйзам долбоорунун үстүндө иштөөнү улантууда эске алынуучу жагдайлардын бири»,-деп айтты.

Бул баалоонун акыркы мыйзамдуу чечим эмес экенин белгилеген Песков, мыйзам долбоору боюнча изилдөөлөр учурунда ар кандай пикирлер болушу мүмкүн экенине көңүл бурду.

Өткөн айда Орусия парламентинин төмөнкү палатасы Мамлекеттик Думанын айрым депутаттары Россия Федерациясын түзгөн аймактардын эң жогорку башкаруучусунун наамын колдонуу боюнча федералдык деңгээлде мыйзам долбоорун даярдашкан.

Мыйзам долбооруна ылайык, федерацияны түзгөн аймактардын эң жогорку деңгээлдеги башкаруучусу «башчы» деп аталат деп болжолдонууда. Кошумчалай кетсек, мыйзам долбоору аймактык президенттин катары менен эки жолу шайланууга тыюу салууну жокко чыгарып, аймакка жараша ыйгарым укуктарынын максималдуу мөөнөтү 5 жылды түзөт.

Татарстан Республикасынын Мамлекеттик кеңеши (Татарстан парламенти) кечээги жыйынында 100 депутаттын 82синин добушу менен мыйзам долбоорун четке какты.



Тектеш кабарлар