Кыргызстан Түркиядан куралдуу учкучсуз аба аппаратын (SİHA) алат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал Камчыбек Ташиев дрондорду башкара турган адамдардын Түркияда окуп жаткандыгын билдирди.

1723392
Кыргызстан Түркиядан куралдуу учкучсуз аба аппаратын  (SİHA)  алат

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал Камчыбек Ташиев Түркияда «Байрактар ​​ТБ2» куралдуу учкучсуз аба аппаратынын (SİHA) жасалып жаткандыгын билдирди.

Президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен Кыргызстан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына биринчи жолу сатып алынгандыгы белгиленген аскер техникасын тапшыруу үчүн азем өткөрүлдү.

Ташиев аземден кийин журналисттерге берген маалыматында : «Түркияда бизге Байрактар ТБ 2» дрондору жасалып жатат. Бул техникалар дүйнөдө беш эле мамлекетте бар экен. Алардын бирөө биздин мамлекет. Жакында ал дагы келет. Бүгүнкү күндө Түркияда биз өзүбүздүн дрондорду башкара турган адамдарды окутуп жатабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар