Карабахтагы согушта Азербайжан армиясынын 2 миң 908 аскери шейит болду
Согушта Армениянын кол салуусунан 2 миң 908 шейиттен тышкары 94 карапайым азербайжандык да каза болгон.
Азербайжан армиясы Карабахта жерлерин басып алуудан куткаруу үчүн жүргүзгөн операцияда 2 миң 908 аскерин жоготту.
Азербайжандын Коргоо министрлиги, 2020-жылдын 27-сентябрында башталган жана 2020-жылдын 10-ноябрында Армениянын жеңилгенин моюнга алуу келишимине кол коюшу менен аяктаган согушта курман болгондор тууралуу маалыматты жаңылады.
Министрликтин маалыматына караганда, согушта 2 миң 908 жоокер шейит болуп, 6 жоокер дайынсыз болууда.
Бул операцияда 5 шаардын борбору, 4 кыштак жана 286 айыл бошотулган, андан кийин Армения жеңилүүнү кабыл алып оккупацияланган Агдам, Лачын жана Келбежар облустарын бошотуу убадасын берген келишимге кол койгон.
Армян армиясы 2020-жылдын 20-ноябрында Агдамдан, 2020-жылдын 25-ноябрында Келбежардан, 2020-жылдын 1-декабрында Лачинден чыгып кеткен.
Согушта Армениянын кол салуусунан 2 миң 908 шейиттен тышкары 94 карапайым азербайжандык да каза болгон.