Амреев Түрк кеңешинин медиа форумунда сөз сүйлөдү

Амреев, Стамбулда Коммуникация башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн Түрк кеңешинин медиа форумунун ачылышында катышуучуларга кайрылуу жасады.

1723530
Амреев Түрк кеңешинин медиа форумунда сөз сүйлөдү

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (Түрк Кеңеши) башкы катчысы Багдад Амреев Түрк дүйнөсүнүн кылымдар бою маанилүү саясий, географиялык, идеологиялык жана маданий фактор болгонун баса белгилеп: «Бирок азыр тарыхта биринчи жолу түрк дүйнөсү бирдиктүү саясат, география, кызыкчылыктар, максаттар жана жалпы билим чөйрөсү менен биригип, бир бүтүндүк катары иш алып барган бир денеге айланды. Бүгүнкү күндө маанилүү күч катары бирдиктүү түрк дүйнөсү жөнүндө сөз кылууга болот»,-деп баа берди.

Амреев, Стамбулда Коммуникация башкармалыгы тарабынан «Тамырлуу тарых, күчтүү келечек» темасы менен өткөрүлгөн Түрк кеңешинин медиа форумунун ачылышында катышуучуларга кайрылуу жасады.

Кеңешке мүчө өлкөлөрдү Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктаган Амреев: «Мына ушуга байланыштуу мындай форумду өлкөлөрүбүздүн эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныган Түркияда уюштуруу, 12-ноябрда Стамбулда өтө турган Түрк Кеңешинин лидерлеринин 8-саммитинин алдында абдан маанилүү»,-деп айтты.

Түрк дүйнөсүнүн кылымдар бою саясий, географиялык, идеологиялык жана маданий жактан маанилүү фактор болгонун баса белгилеген Амреев: «Бирок азыр тарыхта биринчи жолу түрк дүйнөсү бирдиктүү саясат, география, кызыкчылыктар, максаттар жана жалпы билим чөйрөсү менен биригип, бир бүтүндүк катары иш алып барган бир денеге айланды. Бүгүнкү күндө маанилүү күч катары бирдиктүү түрк дүйнөсү жөнүндө сөз кылууга болот»,-деди.

Амреев 12 жыл мурун түзүлгөн Түрк Кеңеши түрк дүйнөсүнүн орток уюму, биргелешкен кызматташуу механизми, жалпы үнү жана платформасы болуп калганын билдирди.

Түрк кеңешинин Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жана анын филиалдары, ошондой эле берки аймактык жана эл аралык уюмдар менен жакшы мамиледе болгонун баса белгилеген Амреев: «Биз алдыдагы мезгилде бул конструктивдүү жана позитивдүү мамилени сактап, аймакта жана дүйнөлүк деңгээлде ыңгайлуу борбор болууну улантабыз»,- деп айтты.

Амреев Түрк Кеңеши 12 жылдан бери бардык коңшулары менен достук мамиледе экенин жана эч кандай көйгөйгө кабылбаганын белгилеп: «Бул жагынан биз бардык өлкөлөр үчүн тартуучу борбор болдук. Мунун негизинде көптөгөн өлкөлөр Түрк Кеңешине байкоочу болуу ниетин билдиришүүдө»,-деп кошумчалады.

Амреев глобалдашуу жана интернеттен улам дүйнө бирдиктүү маалымат жана коммуникация аймагына айланганын айтып: «Түрк Кеңеши катары алдыдагы мезгилде өлкөлөрүбүздүн ортосундагы медиа жана маалымат тармагындагы кызматташтыкты арттыра турган иш-чараларды улантабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар