ТКТРнан үчтүк саммитке каршы чыгуу...

Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР), Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугунун (ТКРБ) Греция жана Египет менен биргелешкен билдирүүсүнө каршылык көрсөттү.

1722248
ТКТРнан үчтүк саммитке каршы чыгуу...

Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР), Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугунун (ТКРБ) Греция жана Египет менен биргелешкен билдирүүсүн «жокко эсе» деп жарыялады.

ТКТРнын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Кипр Рум тарабынын, кечээ Греция жана Египет менен болгон үч тараптуу саммиттен кийин биргелешкен билдирүүлөрүнө кирген жагдайлардын Аралда саясий жана укуктук реалдуулукту чагылдырбаганы белгиленди.

Билдирүүдө Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугунун (ТКРБ) жана башка тараптардын Кипр маселеси боюнча кайрылчу дареги КТРК экени баса белгиленип: «Кипр аралында бирөө Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР), экинчиси Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугу (ТКРБ) болгон эки башка мамлекет бар. Бул эки мамлекет тарабынан кабыл алынган чечимдер жана билдирүүлөр бир гана аларга тиешелүү. Рум тарабынын Греция жана Египет менен биргелешкен билдирүүсү Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР) үчүн жараксыз»,деген билдирүүлөр камтылган.



Тектеш кабарлар