Гянджада армян кол салууларында каза болгондор эскерилди

Гянджага алыс аралыкка атуучу ракеталар менен жасалган кол салууларда 26 жаран каза болуп, 130у жарадар болгон.

1721048
Гянджада армян кол салууларында каза болгондор эскерилди

Тоолуу Карабактын экинчи чоң шаары Гянджада былтыр армян кол салууларында каза болгондор эскерилди.

2020-жылдын 27-сентябрында Азербайжандын каршылык чабуулу менен башталган 44 күндүк согуш мезгилинде Армения карапайым калкты түздөн түз бутага алды.

Эң көп бутага алынган жерлердин бири өлкөнүн экинчи чоң шаары Ганджа болду.

4-8-11 жана 17-октябрь күндөрү Гянджага алыс аралыкка атуучу ракеталар менен жасалган кол салууларда 26 жаран каза болуп, 130у жарадар болгон.

Кол салуулардын 1 жылдыгында курман болгондор эскерилди.

Миңдеген адамдар колунда Азербайжан желектери менен бутага алынган жерлерге барышты.

Армяндардын 7 башка шаарга каршы кол салууларында 100 жаран каза болуп, 400дөн ашуун киши жарадар болгон.

Кол салуулар учурунда көптөгөн үйлөр жараксыз абалга келип, шаарлардын инфраструктурасы бузулган.



Тектеш кабарлар