Кыргызстанда жаңы кабинет парламентте ишеним добушун алды

Президент Садыр Жапаров да Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров менен кабинет мүчөлөрүн бекитти.

1719242
Кыргызстанда жаңы кабинет парламентте ишеним добушун алды

Кыргызстанда жаңы кабинет парламентте өткөн талкуудан кийин  ишеним добушун алды.

Президент Садыр Жапаров да Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров менен кабинет мүчөлөрүн бекитти.

10 -  январда президент болуп шайланган Садыр Жапаров кабинетине  элдин жыргалчылыгын  жогорулата турган, убадаларын орундата ала турган жана экономиканы оңдой турган ысымдарды кошту. Структурасы жана министрликтердин аттары өзгөртүлгөн жаңы кабинетте тышкы иштер министринин ыйгарым укуктары кеңейтилди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасына да  министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары катары министрлер кабинетиндеги коопсуздук маселелери боюнча да ыйгарым укугу берилди.

Президент Жапаров парламентке кайрылуусунда депутаттарга министрлер кабинетине ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип : «Апрель айында элдик добуш берүү менен кабыл алынган Конституцябыздын толугу менен ишке ашышынын жолун ачтыңыздар»,- деди.

Кыргызстанда кабыл алынган конституцияга киргизилген өзгөртүүнүн натыйжасында түзүлгөн Министрлер кеңешинин төрагалыгына дайындалган  57 жаштагы Акикбек Жапаров өлкөнүн 30 жылдык эгемендүүлүк тарыхында 34 – премьер - министр болду.



Тектеш кабарлар