Карабахта армян топтор Азербайжанга таандык унааларга ок атты

Окуя тууралуу териштирүү үчүн оурс күчтөрү командирлигине жана Түркия  -  Россия биргелешкен байкоо борборуна кайрылуунун жасалгандыгы маалымдалды.

1719198
Карабахта армян топтор Азербайжанга таандык унааларга ок атты

Азербайжандын Коргоо министрлиги мыйзамсыз армян куралдуу топторунун Сукавусан шаарынан Келбежер шаарына курулуш материалдарын ташыган унааларга  ок аткандыгын жарыялады.

Министрликтен берилген маалыматта жүрүп бараткан Азербайжан аскердик полициясына таандык унаанын алды менен арткы бөлүктөрүнө ок тийгендиги, кол салууда каза болгон же жаракат алгандардын болбогондугу билдирилди. 

Маалыматта аймакта убактылуу кызмат кылган орус аскерлери коштогон, жарандык унаалардан турган жана  бошотулган аймактардын курулушу үчүн курулуш материалын ташыган унааларга мыйзам тышы армян куралдуу топтордун ок атышы кабыл алынгыс экендиги белгиленди. 

Окуя тууралуу териштирүү үчүн оурс күчтөрү командирлигине жана Түркия  -  Россия биргелешкен байкоо борборуна кайрылуунун жасалгандыгы маалымдалды. 

 

 



Тектеш кабарлар