Түркиянын экономикасынын өсүш божомолу

Эл аралык Валюта Фонду 2021-жылдын октябрь айындагы отчетун жарыялады.

1718610
Түркиянын экономикасынын өсүш божомолу

Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) Түркиянын экономикасынын 2021-жылдагы өсүү божомолун 9 пайызга көтөрдү.

ЭВФ Дүйнөлүк экономикалык божомолдор боюнча 2021-жылдын октябрь айындагы отчетун "Пандемия учурунда калыбына келүү: саламаттык сактоо көйгөйлөрү, талаптардын кыскарышы жана баанын кысымы" деген аталышта жарыялады.

ЭВФтин отчетуна ылайык, Түрк экономикасынын 2021-жылга карата өсүү божомолу 5,8 пайыздан 9 пайызга көтөрүлсө, 2022-жылга карата өсүү күтүүсү 3,3 пайыз деңгээлинде туруктуу бойдон калды.

Түркияда орточо инфляциянын болсо 2021-жылы 17 пайыз, 2022-жылы 15,4 пайыз болору болжолдонууда.

Өлкөдөгү жумушсуздуктун деңгээли да 2021-жылы 12,2 пайыз, 2022-жылы 11 пайыз болот деп болжолдонду.



Тектеш кабарлар