Кыргызстан Индия менен аскердик кызматташтыкты чыңдоону каалайт

Президент Жапаров Борбор Азиядагы турунун алкагында борбор калаа Бишкекте жүргөн Индиянын тышкы иштер министри Субрахманям Жайшанкарды кабыл алды.

1717929
Кыргызстан Индия менен аскердик кызматташтыкты чыңдоону каалайт
Sadır Caparov-Hindistan Dışişleri Bakanı Subrahmanyam Jaishankar 2.jpg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Индия менен аскердик коргонуу тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнү жана чыңдоону каалашарын айтты.

Президент Жапаров Борбор Азиядагы турунун алкагында борбор калаа Бишкекте жүргөн Индиянын тышкы иштер министри Субраманиям Жайшанкарды кабыл алды.

Жолугушууда Кыргызстан менен Индиянын коопсуздук жана аскердик мамилелер тармагындагы кызматташтыгына токтолгон Жапаров: «Биз Индия менен аскердик-коргонуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнү жана чыңдоону каалайбыз»,-деди.

Жапаров Индия Кыргызстандын фармацевтикалык продукцияларын жеткирүүчүлөрдүн бири экенин жана текстиль өнөр жайынын, ден-соолукту чыңдоо туризминин жана башка тармактардын керектөөлөрүн канааттандырууда маанилүү роль ойной турганын билдирди.

Акыркы жылдарда эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн өсүшүнө көңүл бурган Жапаров мындай деди: «Биз Кыргызстандын энергетикасына, кайра иштетүү өнөр жайына, айыл чарбасына, медицинага жана туризмге түз инвестицияларды тартуу үчүн Индия менен кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнү каалайбыз».

Индиянын тышкы иштер министри Жайшанкар эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүүгө жана өнүктүрүүгө чечкиндүүлүгүн билдирип, алар санариптештирүү, ден-соолук жана туризм тармагындагы инвестициялык долбоорлорго кызыгуу көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Конок министр Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн чоң мааниге ээ болгон 1,5 миллион доллар гранттык жардам боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда меморандумга кол коюлганын эске салды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин пресс -релизине ылайык, 1992 -жылдын 18 -мартында Индия менен Кыргызстандын ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлгөндөн бери, кызматташуу принциптерин камтыган Биргелешкен Декларация жана Стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин түзүү боюнча биргелешкен декларация менен жалпы 62 келишимге кол коюлган.



Тектеш кабарлар