Түркия менен Азербайжандын биргелешкен машыгуусу аяктады

Түрк куралдуу күчтөрүнүн 3-армиясынын жана Азербайжандын Нахчыван армиясынын командирлигинин катышуусу менен Нахчыванда «Бузулгус бир туугандык-2021» машыгуусу өттү.

1717281
Түркия менен Азербайжандын биргелешкен машыгуусу аяктады

Түркия жана Азербайжан Куралдуу күчтөрүнүн Нахчыванда өткөргөн биргелешкен аскердик машыгуусунда жасалма душман буталары жок кылынып, басып алынган жерлер бошотулду.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн 3-армиясынын жана Азербайжандын Нахчыван армиясынын командирлигинин катышуусу менен Нахчыванда өткөрүлгөн «Бузулгус бир туугандык-2021» машыгуусу атайын күчтөрдүн жасалма душман турган дөбөлөргө чабуул жасап, аймакты каратып алуусу менен башталды.

Душмандын жасалма буктурмасынын артына абадан конуу жүзөгө ашырылган машыгууда буктурмадагы душмандын күчтөрү нейтралдаштырылып, алардын бронетехникасы кармалды.

Мергенчилер да буталарды таамай аткылаган машыгууда жасалма буталар замбирек, миномет жана ракеталар менен атылды.

Душмандын позицияларына танктар жана брондолгон унаалар менен чабуул коюлган машыгууда атайын күчтөр жасалма душман ээлеп алган конуштарды бошотушту.

Согуштук учактар ​​да машыгууга катышып, жасалма буталарга ок чыгарышты.

Машыгуу «боштондукка чыгарылган» дөбөлөргө Түркия жана Азербайжан желектеринин илинүүсү жана тик учактардын эки өлкөнүн желектерин жайып алып учушу менен аяктады.



Тектеш кабарлар