Түркия менен Кыргызстан өнөр жай жана технология жаатында келишим түздү

Бул келишимге өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк жана Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев кол коюшту.

1715893
Түркия менен Кыргызстан өнөр жай жана технология жаатында келишим түздү

Түркия менен Кыргызстандын ортосунда өнөр жай жана технология жаатында өз ара мамилелерди өнүктүрүү жана тереңдетүү максатында келишимге кол коюлду.

Бул келишимге өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк жана Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев кол коюшту.

Борбор шаар Анкарада министрликте өткөрүлгөн жолугушууларда Варанк, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракеси августта болгонун эске салып, Түркия бул эгемендүүлүктү тааныган биринчи өлкө экенин айтты.

Ошондон бери алар Кыргызстан менен мамилени чыңдоо жана өз ара экономикалык кызыкчылыктарды жогорулатуу үчүн иштеп жатканын белгилеген Варанк: «Мен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана кол коюу менен эки өлкөнү өнүктүрүүнүн негизи болгон өнөр жай жана технология жаатында бир топ алдыга жылыштарды жасайбыз деп ишенем»,-деди.

Бул келишим менен соода -экономикалык карым -катнаштардын күчтөнүшүнө жол ачышканын белгилеген Варанк, эки тараптуу соода көлөмүнүн жакшырышы үчүн маанилүү кадам ташталганын айтты.

Варанк бул келишимдин уландысы катары Түркиянын өнөр жай тажрыйбасын Кыргызстанга алып келүүнү каалашкандарын билдирип, Кыргызстанда Уюшкан Өнөр жай Зонасын (УӨЗ) түзүү боюнча иштерди баштай тургандыктарын айтты.

Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев министр Варанкка Түркиянын тажрыйбасынан пайдалануу үчүн технологияларды жана билим тажрыйбаларын Кыргызстанга өткөрүп бере турган УӨЗ темасында көрсөткөн колдоосу үчүн министр Варанкка ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар