Дагы бир Крым татар түркү кармалып кетти

Украинанын тышкы иштер министринин орун басары Эмине Жеппар Твиттердеги билдирүүсүндө камоолор Орусиянын кысымынын уландысы экенин айтты.

1704867
Дагы бир Крым татар түркү кармалып кетти

Орусия тарабынан мыйзамсыз түрдө аннексияланган Крымда Акмесжит Крым Татар Парламентинин мурдагы депутаты Элдар Менсейит камакка алынды.

Украинанын тышкы иштер министринин орун басары Эмине Жеппар Твиттердеги билдирүүсүндө камоолор Орусиянын кысымынын уландысы экенин айтты.

Крымда дагы бир үйгө тинтүү жана кармоонун болгондугун белгилеген Жeппар, Орусиянын коопсуздук күчтөрүнүн Крым Татар Парламентинин мурдагы мүчөсү Элдар Менсейитти белгисиз жакка алып кеткенин айтты.

Крымда 4 -сентябрда Орусиянын коопсуздук күчтөрү Крым Татар Улуттук Парламентинин төрагасынын орун басары Нериман Желал баш болгон 5 крым татар түркүн кармап кеткен.



Тектеш кабарлар