Түркия менен Азербайжан биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүүдө

Бул тууралуу Азербайжандын Коргоо министрлиги билдирүү жасады.

1703490
Түркия менен Азербайжан биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүүдө

Түркия жана Азербайжан аскерлери армян баскынчылыгынан бошотулган Лачин провинциясында биргелешкен машыгууларды баштады.

Азербайжандын Коргоо министрлиги жасаган билдирүүдө, машыгуулардын негизги максаты эки өлкөнүн аскер бөлүктөрүнүн өз ара ишмердүүлүгүн жана командирлердин чечим кабыл алуу жана бөлүктөрдү башкаруу көндүмдөрүн жакшыртуу экени маалымдалды.

Машыгуу учурунда заманбап согуш техникасын жана башка аскердик техниканы татаал шарттарда колдонуу көндүмдөрүн жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулгандыгы белгиленди.


Этикеткалар: #аскер , #Азербайжан , #Түркия

Тектеш кабарлар