Украин жарандарына болгон массалык кысым Крым платформасынан өч алуубу?

Твиттердеги постунда Жeппар украин жарандарына болгон массалык кысым Крым платформасынан өч алуу үчүн болгонун билдирди.

1702813
Украин жарандарына болгон массалык кысым Крым платформасынан өч алуубу?

Украинанын тышкы иштер министринин орун басары Эмине Жеппар Орусия мыйзамсыз кошуп алган Крымда 50дөн ашык киши кармалганын жарыялады.

Твиттердеги постунда Жeппар украин жарандарына болгон массалык кысым Крым платформасынан өч алуу үчүн болгонун билдирди.

Министрдин орун басары Жеппар, жакында эле кармалган 5 крым татар түркүнүн тагдырын билүү үчүн Крымдагы Орусиянын Федералдык Коопсуздук Кызматынын (ФСБ) имаратына 50дөн ашуун кишинин, анын ичинде эки журналисттин барганын жарыялады.

Крымда Орусиянын коопсуздук күчтөрү Крым Татар Улуттук Мажлисинин төрагасынын орун басары Нериман Желал баш болгон 5 крым татар түркүн кармады.



Тектеш кабарлар