Эрдоган менен Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү

Президенттиктин Байланыш башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, телефондогу сүйлөшүүдө Түркия-Өзбекстан карым-катнаштарын жакшыртуу кадамдары жана аймактык маселелер каралды.

1701065
Эрдоган менен Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин Байланыш башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, телефондогу сүйлөшүүдө Түркия-Өзбекстан карым-катнаштарын жакшыртуу кадамдары жана аймактык маселелер каралды.

Сүйлөшүүдө президент Эрдоган Өзбекстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен да куттуктады.

Өзбекстандын көз карандысыздыгын биринчи тааныган жана Ташкентте элчилигин ачкан биринчи өлкө болгонунан сыймыктанганын белгилеген Эрдоган, быйыл эки өлкөнүн ортосундагы Түбөлүк достук жана кызматташтык келишиминин 25 жылдыгын белгилеп жатканын айтты.

Президент Эрдоган, Өзбекстандын президенти Мирзиёев менен элдердин ортосундагы чын ыкластуу достуктун жана бир туугандык байланыштардын негизинде курган стратегиялык өнөктөштүктүн тездик менен тереңдеп баратканына ыраазы экенин билдирди.



Тектеш кабарлар