Кыргызстанда эл өкүлдөрүн шайлоо 28-ноябрга белгиленди

Президенттиктин маалымат борборунун билдирүүсүндө, 11 -апрелде өткөн конституциялык референдумдун натыйжасында парламенттик шайлоонун күнүн аныктоо ыйгарым укуктары президентке берилгени эске салынды.

1699248
Кыргызстанда эл өкүлдөрүн шайлоо 28-ноябрга белгиленди

Кыргызстанда жылдырылган парламенттик шайлоону 28 -ноябрда өткөрүү чечими кабыл алынды.

Президенттиктин маалымат борборунун билдирүүсүндө, 11 -апрелде өткөн конституциялык референдумдун натыйжасында парламенттик шайлоонун күнүн аныктоо ыйгарым укуктары президентке берилгени эске салынды.

Буга ылайык, президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыгы менен парламенттик шайлоонун күнүн жекшемби, 28 -ноябрь деп белгиледи.

Конституцияда жана жаңы шайлоо мыйзамында Кыргызстандын мыйзам чыгаруучу органын түзгөн Жогорку Кеңештеги мандаттардын саны жана депутат болуп шайлануунун шарттары өзгөртүлгөн.

Парламенттеги мандаттардын санын 120дан 90го кыскартылган жана Жогорку Кеңештеги депутаттардын 54ү пропорционалдык (саясий партиялардын талапкерлеринин тизмеси), 36сы көпчүлүк (көз карандысыз талапкерлердин) негизинде шайланат.

Кыргызстанда 2020 -жылдын 4 -октябрында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылган оппозициялык партиялардын жактоочулары уюштурган демонстрациялар күч колдонулган окуяларга айланып кеткенден кийин Ак үйдү ээлеп алышкан.

Ошентип, 5-15-октябрь аралыгында өткөрүлгөн массалык нааразылык акциясынын натыйжасында парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, өлкөнү 3 жыл башкарган президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетти.

Парламенттин ыйгарым укуктары узартылып, президенттик шайлоо жана конституция боюнча референдум өттү.

Кыргызстан эли Садыр Жапаровду президент кылып шайлап, конституциялык референдумда парламенттик башкаруу системасынан баш тартып, президенттик башкаруу системасын тандашты.



Тектеш кабарлар