Казакстанда аскердик ок - дары кампасында жарылуу болду

Казакстандын коргоо министрлиги аскердик бөлүктүн ок  - дары кампасында болгон жарылуунун жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:00 чамаларында болгондугун билдирди.

1698054
Казакстанда аскердик ок  - дары кампасында жарылуу болду

Казакстандын түштүгүндөгү Жамбыл облусуна караштуу  Байзаков районунда жайгаштырылган аскердик бөлүктүн ок  - дары кампасында жарылуу болду. Алгачкы белгилөөлөргө караганда 66 адамдын жаракат алгандыгы алардын ичинен 11нин аскер экендиги билдирилди. 

Казакстандын коргоо министрлиги аскердик бөлүктүн ок  - дары кампасында болгон жарылуунун жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:00 чамаларында болгондугун маалымдады.

Маалыматта : "Жамбыл облусунун Байзаков районундагы аскердик кампалардын биринин жанында өрт чыкты. Андан кийин өрттүн кесепетинен кампалардын биринде белгисиз нерселердин жарылуусуна себеп болду. Учурда аймакта өрт өчүрүү иштери уланууда",-деп билдирилди.

Жамбыл губернаорлугунан берилген маалыматта жарылуу болгон  аскердик бөлүктүн айланасындагы 3 айылдан 700 адамдын коопсуз аймакка эвакуациялангандыгы жарыяланды. Маалыматта жарылууда 66 адамдын жаракат алгандыгы алардын ичинен 11нин аскердик кызматкер экендиги белгиленди. 

Президент Касым Жомарт Токаев да бул тууралуу твиттерден берген билдирүүсүндө жарылуу тууралуу териштирүүнүн баштатылгандыгын белгиледи. 

Коргоо министрлиги да аскердик бөлүктө чыккан өрттүн натыйжасында ок -дары кампасында жалпысынан 6 жарылуу болгонун жарыялады.

Окуя болгон жерде иликтөө жүргүзгөн коргоо министринин орун басары  Руслан Шпекбаев аймакта өрт өчүрүү иштери уланып жатканын жана жарылуу болгон кампада узун аралыктуу учушу болбогон ок  - дарынын бар экендигин билдирди. 

Бир тараптан аймакта кургактык жана темир жолдору убактылуу транспортко жабылды. 

 

 



Тектеш кабарлар