Илхам Алиев Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы менен жолугушту

Илхам Алиев  : «Эми тынчтыкты ойлоп, барактарды ачуунун убагы келди».

1677311
Илхам Алиев  Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы менен жолугушту

Азербайжандын президенти Илхам Алиев  : «Эми тынчтыкты ойлоп, барактарды ачуунун убагы келди»,- деди.

Илхам Алиев Армениядагы жолугушууларын аяктап Азербайжанга барган Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Шарл Мишел менен жолугушту. Иш алып баруу тамагында жолугушкан Алиев менен Мишел андан кийин пресс- жыйын өткөрүштү.

Европа Биримдигинин Азербайжандын негизги соода өнөктөшү экендигин баса белгилеген Алиев сооданын 40 пайызга жакынын Европа Биримдиги менен жүргүзүшкөндөрүн жана өлкөсүндө Европа Биримдиги өлкөлөрүнөн 1700дөн ашуун фирманын иш алып баргандыгын билдирди. Алиев Азербайжандын территорияларынын Армения тарабынан алынгандыгын белгилеп буларды айтты : «Азербайжан Армения армиясынын жерлерибизден толугу менен жана шартсыз чыгып кетүүсүн талап кылган БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимдерин өзү орундатты жана Азербайжан согушту акырына чыгарды. Эми тынчтыкты ойлоп, барактарды ачуунун убагы келди. Биз буга даярбыз. Бүгүн урматтуу Мишел менен пландарыбызды, демилгелерибизди жана жаңы абалга карата эмне кыларыбыздыкенен түрдө сүйлөштүк. Салыштырмалуу түрдө кыска убакытта жакшы ниет жана прагматикалык бир кыймыл менен чечилбей калган маселелердин көпчүлүгүн чече аларыбызга жана дагы кенен аймактык кызматташуунун пайдубалын түптөй аларыбызды ойлоп жатам. Европа Биримдиги бул тууралуу абдан маанилүү роль ойноп жатат жана ойной тургандыгына ишенем».

Еревандан алып келген кабарларын Азербайжандын президенти Алиевге билдиргенин белгилеген Мишел Европа Биримдигинин бул тууралуу мүмкүн болушунча оң жана конструктивдүү ролду ойноого даяр экендигин айтты.

 



Тектеш кабарлар