Азербайжан Кыргызстанга 40 миң доза вакцина берди

Ковид-19га каршы күрөшүүнүн алкагында Азербайжан Кыргызстанга 40 миң доза AstraZenneca вакцинасын берди.

1676934
Азербайжан Кыргызстанга 40  миң доза вакцина берди

 Ковид-19га каршы күрөшүүнүн алкагында Азербайжан Кыргызстанга 40 миң доза AstraZenneca вакцинасын берди.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги берген маалыматка ылайык, тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин 1-3-июль күндөрү Азербайжандын борбору Баку шаарына жасаган расмий иш сапарынын алкагында 40 миң доза AstraZenneca вакцинасы Бишкекке жеткирилди.

«Манас» эл аралык аэропортундагы өткөрүп берүү аземине тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров, саламаттыктык сактоо жана социалдык  өнүгүү министрлигинин кеңешчиси Жапаркул Ташиев жана Азербайжандын Бишкектеги элчилигинин өкүлдөрү катышты.

Мадмаров аземде сүйлөгөн сөзүндө Азербайжандын өткөн жылы да Кыргызстанга 64 тонна медициналык жардам бергендигин эске салып, кыйын эпидемиологиялык абалда берилген гуманитардык жардамдар үчүн Азербайжанга ыракмат айтты.



Тектеш кабарлар