Садыр Жапаров Имомали Рахмон менен Тажикстанда жолугушту

Кыргызстандын Президентинин басма сөз борбору тараткан билдирүүгө ылайык, президент Садыр Жапаров расмий иш сапары менен барган Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында президент Имомали Рахмон менен жолугушту.

1666879
Садыр Жапаров Имомали Рахмон менен Тажикстанда жолугушту
Sadır Caparov Tacikistan 1.jpg

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында апрелде болгон кагылышуудан кийин эки өлкөнүн мамлекет башчылары биринчи жолу жолулушту.

Кыргызстандын Президентинин басма сөз борбору тараткан билдирүүгө ылайык, президент Садыр Жапаров расмий иш сапары менен барган Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында президент Имомали Рахмон менен жолугушту.

Рахмон Жапаровду Дүйшөмбү шаарындагы Улуттук сарайда расмий салтанат менен тосуп алгандан кийин, эки мамлекет башчы өз алдынча жолугушуу өткөрүштү.

Тажикстан Жапаровдун өлкөгө расмий сапарына өзгөчө маани берерин билдирген Рахмон: «Тажикстан менен Кыргызстан көп тараптуу конструктивдүү өз ара аракеттенүүдө, биз сиздер менен мамилелерибиздин бардык спектринин абалын жана келечегин талкуулоого даярбыз»,-деди.

Чакыруу үчүн Рахмонго ыраазычылык билдирген Жапаров, ушул жылдын 28-30-апрелинде болгон кайгылуу окуялар үчүн өкүнүчүн билдирип, «28-30-апрель эки өлкөнүн элдери үчүн оор сыноо жана азап чеккен тарыхый күн болду»,-деп айтты.

Бир тууган кыргыздар менен тажиктер ар дайым жакшы коңшулук жана достук мамилелерди сактап келишкенине токтолгон Жапаров: «Мен баса белгилеп кетким келет, эки тарап тең келечекте куралдуу жаңжалдын кайталанышына жол бербеши керек»,-деди.



Тектеш кабарлар