Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Түркмөнстанга барды

Ашхабадда Президент Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун расмий жолугушуу аземи болду.

1666168
Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Түркмөнстанга барды
Sadır Caparov Türkmenistan 2.jpg
Sadır Caparov Türkmenistan 3.jpg
Sadır Caparov Türkmenistan 4.jpg
Sadır Caparov Türkmenistan 5.jpg
Sadır Caparov Türkmenistan 6.jpg
Sadır Caparov Türkmenistan 7.jpg
Sadır Caparov Türkmenistan 8.jpg
Sadır Caparov Türkmenistan 9.jpg
Sadır Caparov Türkmenistan 10.jpg
Sadır Caparov Türkmenistan 12.jpg
Sadır Caparov Türkmenistan 13.jpg

Бүгүн, 28-июнда, Ашхабад шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун расмий жолугушуу аземи болду.

Президент Садыр Жапаровду коштогон кортеж Ашхабад шаарынын Эгемендүүлүк аянтына келип, аны Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов тосуп алды.

Ардактуу кароолдун командиринин рапортунан кийин Кыргызстан менен Түркмөнстандын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Эки өлкөнүн лидерлери Ардактуу кароол ротасын бойлой басып, өз өлкөлөрүнүн расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты. Аскер оркестринин маршы менен Ардактуу кароол ротасы мамлекет башчыларынын алдынан салтанаттуу өтүштү.

 Андан соң Президент Садыр Жапаров автоунаа менен атчандар эскортунун коштоосунда "Огузхан" Сарайына багыт алды.

 Бул жерде мамлекет башчылары сүрөткө түшкөндөн кийин, тет-а-тет форматында сүйлөшүүгө киришти.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов кеңейтилген форматтагы эки тараптуу сүйлөшүүлөргө жетекчилик кылышты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ашхабад шаарында Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен кеңейтилген форматтагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, «Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын жаңы келечектүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Ошондой эле бир катар актуалдуу эл аралык жана региондук маселелерде, анын ичинде тынчтык, коопсуздук, жаңы чакырыктар менен коркунучтарга каршы күрөшүү маселелеринде өз ара толук түшүнүшүү бар жана позицияларыбыз жакын», — деп белгиледи. 

Эки өлкө лидерлери кыргыз-түркмөн эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, соода-экономикалык, отун-энергетикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү өз ара кызматташууну талкуулашты.

Садыр Жапаровдун белгилешинче, Кыргызстан менен Түркмөнстан — жакын дос, стратегиялык өнөктөш жана боордош өлкөлөр.

«Кыргыз-түркмөн кызматташтыгы жигердүү өнүгүүдө, биздин өлкөлөрдүн ортосунда эч кандай саясий карама-каршылыктар жок. Кыргызстанда Түркмөнстандын ийгиликтери менен жетишкендиктерине чын жүрөктөн кубанышат. Акыркы жылдары эки өлкөнүн ортосундагы көп кылымдык тарыхка, жалпы каада-салттарга, тектеш тилге жана маданий-руханий мурастарга негизделген достук жана бир туугандык мамилелер узак мөөнөттүү стратегиялык кызматташуунун жаңы деңгээлине көтөрүлдү. Саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү документтерди камтыган эки тараптуу келишимдик-укуктук база ырааттуу өсүүдө», — деп белгиледи Президент.

Садыр Жапаров Кыргызстан Түркмөнстан менен эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө багыт алган курсун толугу менен карманарына дагы бир жолу ишендирди, эки тараптуу өнөктөштүктүн чоң потенциалын мындан ары да чыңдоо, өнүктүрүү үчүн күч-аракетин болушунча жумшоого даяр экенин билдирди.

Президенттин айтымында, өз ара байланыштардын артыкчылыктуу багыттарынын бири — соода-экономикалык кызматташууну мындан ары активдештирүү болуп саналат. Эки өлкө соода, энергетика, транспорт жана агроөнөр жай комплекси жаатында олуттуу мүмкүнчүлүктөргө ээ.

Мамлекет башчысы Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорго катышууга бардык зарыл шарттар жана мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтып, ал долбоорлорго түркмөн бизнеси кеңири катышарына үмүт артты.

Садыр Жапаров белгилегендей, кызматташтыктын келечектүү багыттарынын бири — бул туризм чөйрөсү. Ошондой эле сапаттуу түркмөн текстили менен кыргыз кийим тигүү тармагынын мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүүгө боло турган жеңил өнөр жай тармагы дагы чоң потенциалга ээ.

«Эки бир тууган элибиздин тарыхый жана руханий тамыры терең, тилдери менен маданий салттары окшош. Аларды сактап калуу, ошондой эле кыргыз-түркмөн гуманитардык байланыштарын мындан ары да тереңдетүү өзгөчө мааниге ээ. Эки элдин руханий жактан жакындашуусу кыргыз-түркмөн элдеринин ортосундагы достук жана ынак коңшулук салттарын бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн эске алуу менен, коронавирус пандемиясына байланыштуу кырдаал жакшырганда, өз ара Маданият күндөрүн өткөрүүнү сунуштайм», — деп айтты Мамлекет башчысы.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-түркмөн мамилелеринин кеңири чөйрөсү боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү эки өлкөнүн кызыкчылыктарына толук жооп бере тургандыгын ырастап, Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовду Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.



Тектеш кабарлар