Армениянын аскерлери Азербайжандын айылларына ок атышты

Азербайжандын Коргоо министрлиги армян аскерлери эки өлкөнүн чек арасындагы Келбежер багытында азербайжандык позицияларды аткылаганын жарыялады.

1665496
Армениянын аскерлери Азербайжандын айылларына ок атышты

Азербайжандын Коргоо министрлиги армян аскерлери эки өлкөнүн чек арасындагы Келбежер багытында азербайжандык позицияларды аткылаганын жарыялады.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, Армениянын Варденис провинциясынын Юкари Шорча айылынан 26-июнь күнү саат 14.50дөн баштап (жергиликтүү убакыт) 27-июнь саат 03.00гө чейин Келбежер облусунун Зейлик жана Имамбинеси айылдарына белгилүү аралыктар менен ок атылган.

Билдирүүдө Азербайжан аскерлеринин каза болбогону жана жаракат албаганы, абал туруктуу жана Азербайжан аскерлеринин көзөмөлүндө экендиги айтылган.



Тектеш кабарлар