Азербайжан армиясынын 103 жылдыгы

Түркиянын Улуттук Коргоо министрлиги, Азербайжан Куралдуу күчтөр күнүнө карата куттуктоо жарыялады.

1665151
Азербайжан армиясынын 103 жылдыгы

Азербайжанда Куралдуу күчтөр күнү жана Азербайжан армиясынын түзүлгөнүнүн 103 жылдыгы белгиленүүдө.

Түркиянын Улуттук Коргоо министрлиги, Азербайжан Куралдуу күчтөр күнүнө карата куттуктоо жарыялады.

Министрликтин социалдык тармактагы баракчасында жарыяланган билдирүүдө: «Азербайжандык түрк боордошторубуздун тынчтыгы жана коопсуздугу үчүн баатырдык жана жан аябастык милдетин аткарып, "Бир Мекен" миссиясы менен Карабахтагы өз жерлерин оккупациядан бошотуп бизди кубандырган күчтүү Азербайжан Куралдуу Күчтөрүн бул өзгөчө күнү менен куттуктайбыз», деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар