Эрсин Татар БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш менен жолугушту

Жолугушуу жарым саатка созулду.

1664879
Эрсин Татар БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш менен жолугушту

Түндүк Кипр Түрк Респбликасынын Президенти Эрсин Татар БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш менен  жолугушту.

Татар БУУнун башкы катчысы Гутерреш менен БУУнун Брюселдеги  кеңсесинде жолугушту.

Түркия убактысы боюнча саат 12:30 чамаларында башталган жолугушуу жарым саатка созулду.

Бир тараптан Гутерреш Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Татардан мурда Европа Биримдигинин лидерлер саммити үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюселге барган Рум башкаруусунун лидери Никос Анастасиадис менен да жолугушту.

Президент Татар Гутеррештин жолугушууга чакыруусу менен  кечээ  Брюселге барган.



Тектеш кабарлар