Варанк Татарстандын президенти менен жолугушту

Мустафа Варанк Татарстан Республикасынын Президенти Рустэм Минниханов менен борбор шаар Анкарада жолугушту.

1664253
Варанк Татарстандын президенти менен жолугушту

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, Түркия жана Татарстан пландаштырылган инвестициялар жана келишимдер менен бекем жана ийгиликтүү экономикалык натыйжаларга жетише тургандыгын айтты.

Мустафа Варанк Татарстан Республикасынын Президенти Рустем Минниханов менен борбор шаар Анкарада жолугушту.

Минниханов Түркиядагы жолугушуулары учурунда жемиштүү сүйлөшүүлөр болгонун белгилеп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга толкундангандыгын билдирди.

Варанк эки өлкөнүн тарыхый жана маданий байланыштары бар экендигин, «Биз бул тарыхый жана маданий байланыштарды экономикалык тармакта дагы өнүктүрүүнү каалайбыз. Биздин тышкы соода көлөмүбүз 360 миллион доллар деңгээлинде болсо дагы, Түркиянын абдан маанилүү өндүрүүчүлөрүнүн Татарстанда ири инвестициялары бар. Түрк компанияларынын Татарстанга инвестициялары 2,5 миллиард доллар деңгээлинде жана бул Орусиядагы түрк инвестицияларынын төрттөн бирине туура келет»,-деп айтты.

Варанк, өз ара инвестицияларды көбөйтүү менен экономикалык байланыштарды чыңдоону каалап, «Бул жерде Татарстан пландаштырган инвестициялар жана өлкөлөрүбүздүн ортосунда түзүлгөн кызматташуу келишимдери менен биз бекем жана ийгиликтүү экономикалык натыйжаларга жетишебиз»,-деди.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин жолугушуу басма сөз үчүн жабык уланды.



Тектеш кабарлар