Байрамов: «Түркия менен Азербайжандын ортосунда кол коюлган Шуша декларациясы-тарыхый декларация»

Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов, Анталия Дипломатия форумунун алкагында (АДФ)  Анадолу агенттигине маек куруп берди.

1661470
Байрамов: «Түркия менен Азербайжандын ортосунда кол коюлган Шуша декларациясы-тарыхый декларация»

Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Түркия менен өлкөсүнүн ортосунда кол коюлган Шуша декларациясынын тарыхый декларация болгонун айтты.

Анталия Дипломатия форумунун алкагында (АДФ)  Анадолу агенттигине маек куруп берген Байрамов, президент Режеп Таййип Эрдогандын Азербайжанга 15-июндагы сапарын «тарыхый сапар» деп мүнөздөп, «Президент (Эрдоган) Азербайжанга тез-тез келип турат. Бирок дүйнө лидери биринчи жолу бошотулган жерлерге, түрк дүйнөсүндө өзгөчө орду бар Шуша шаарына барды. Ал жерде эки өлкөнүн ортосундагы союздаштык декларациясына Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен кол койду. Бул тарыхый декларация. Бул көптөгөн жылдар бою сөз боло турган декларация»,деп айтты.

Декларациянын Азербайжан менен Түркияга гана эмес, аймак өлкөлөрүнө да оң таасирин тийгизерин белгилеген Байрамов, «(Шуша Декларациясы) биздин аймакта тынчтыкка жана өнүгүүгө кызмат кылат»,деген сөз айкаштарын колдонду.

Карабахта кеңири калыбына келтирүү иштерин башташкандыгын түшүндүргөн Байрамов, Карабахты калыбына келтирүүдө Түркиянын олуттуу роль ойногонун айтты.

Байрамов ошондой эле Карабахта ок атышпоо режимин көзөмөлдөө алкагында түзүлгөн Түркия-Россия биргелешкен байкоо борборунун ишин жогору баалаарын белгиледи.



Тектеш кабарлар