Азербайжанда 15 миң аскер катышкан машыгуу өтүп жатат

Бул тууралуу Азербайжандын Коргоо министрлигинен билдирүү жасалды.

1640093
Азербайжанда 15 миң аскер катышкан машыгуу өтүп жатат

Азербайжан армиясы 15 миң аскер катышкан машыгууларды өткөрүүдө.

Азербайжандын Коргоо министрлиги жасаган билдирүүдө, аскердик машыгуу президент Илхам Алиев бекиткен планга ылайык башталганы кабарланды. 15 миң аскер кызмат кылган машыгууга болжол менен 300 танк жана брондолгон унаа, 400гө жакын ар кандай ракета жана замбиректер системасы, 50 учак жана тик учак жана учкучсуз учуучу аппараттар кирди.

Машыгуу аскерлерди согушка даярдоого жана согуштук координацияны жана өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүүгө багытталат.

Террордук топтор жана мыйзамсыз куралдуу бандалар менен күрөшүү боюнча даярдыкты камтыган  машыгуу 20-майга чейин уланат.



Тектеш кабарлар