Президент Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

Сүйлөшүүдө эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында буга чейин жетишилген келишимдердин ишке ашырылышы талкууланды.

1639050
Президент Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-майда, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында буга чейин жетишилген келишимдердин ишке ашырылышы талкууланды.

Мамлекет башчылары жалпы мусулмандардын ыйык майрамы болгон Орозо айт менен бири-бирин куттуктап, Кыргызстан менен Түркия элдерине гүлдөп-өнүгүүнү жана тынчтыкты каалашты.

Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоганга моралдык жана гуманитардык колдоо көрсөткөндүгү үчүн жана мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон акыркы окуяларда жабыр тарткан Баткен облусун калыбына келтирүүгө көмөктөшүүгө даярдыгын билдиргени үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Өз кезегинде Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу кагылышууда каза болгон жарандар тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алгандыгын белгилеп, боордош Түркия элинин атынан алардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтты.

Тараптар эки өлкө ортосундагы өз ара кызматташууну мындан ары арттыруу боюнча биргелешкен пландарды белгилешти.

Түркия Республикасынын Президенттик Аппаратынын  Коммуникация башкармалыгынын  билдирүүсүнө ылайык, Эрдоган менен Жапаров Орозо айт майрамы менен бири-бирин куттукташып,Рамазан айт менен бирге жакшылык, тынчтык жана бакубатчылык келишин тилешти.

Эки тараптуу карым-катнаштар жана аймактык абалдарга дагы баа берген сүйлөшүүдө президент Эрдоган, Акса мечити, Газа жана Палестинанын башка аймактарына кол салган Израилге керектүү сабакты берүү үчүн Кыргызстанды эл аралык демилгелеринде өзүлөрү менен бирге  көргүсү келгендигин билдирди.

 



Тектеш кабарлар