Татарстанда мектепке куралдуу кол салуу болду

Россия Федерациясына караштуу Татарстан Республикасынын борбору Казандагы бир мектепке куралдуу кол салуу болду.

1637889
Татарстанда мектепке куралдуу кол салуу болду

Татарстан Республикасынын борбору Казандагы мектепке куралдуу кол салуунун натыйжасында 9 адам каза болуп, кеминде 10 адам жаракат алды.

Россия Федерациясына караштуу Татарстан Республикасынын борбору Казандагы бир мектепке куралдуу кол салуу болду.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн алдын-ала берген маалыматы боюнча, Файзи көчөсүндөгү 175-мектепте белгисиз эки адам куралдар менен кол салган. Кол салгандарды көрүп, мылтыктын үнүн уккан окуучулар дүрбөлөңгө түштү. Айрым окуучулар терезеден секирип кетишти.

Окуя болгон жерге коопсуздук күчтөрү жөнөтүлдү. Бийлик кол салгандардын бири 17 жашта экенин жана коопсуздук күчтөрү тарабынан кармалганын жарыялады.

Полиция операция жүргүзгөн мектептен окуучуларды эвакуациялады. Алдын ала аныктоолорго караганда куралдуу кол салуудан 1 мугалим жана 8 окуучунун өмүрү кыйылды. Кол салуудан кеминде 10 адам жаракат алды.



Тектеш кабарлар