Элчи К.Өмүралиев ТУУЖдагы АК партиялык эл өкүлдөрү менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев АК партиясынын төрагасынын экономикалык маселелер боюнча орун басары, ТУУЖдун Бюджет жана пландаштыруу комитетинин төрагасы Жевдет Йылмаз менен жолугушту.
2021-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) төрагасынын экономикалык маселелер боюнча орун басары, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Бюджет жана пландаштыруу комитетинин төрагасы Жевдет Йылмаз жана Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагасынын тышкы байланыштар боюнча орун басары, Түркиянын парламентине Бурса аймагынан шайланган депутат Эфкан Ала менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Кубанычбек Өмүралиев 2021-жылдын 28-30-апрелинде болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал жана Кыргызстандын чек ара аймактарындагы учурдагы кырдаал тууралуу маалымат берди.
Өз кезегинде Жевдет Йылмаз жана Эфкан Ала Кыргыз элинин арасында курман болгондорго жана жабыркаган жарандарга карата көңүл айтышты. Ал эми келип чыккан чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүү жана жаңжалдын андан ары күчөп кетишине жол бербөө боюнча Өкмөттүн иш-аракеттерин жана ишмердигин кубатташты.