Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам жиберет

Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшкөн Токаев Кыргызстанга гуманитардык жардам берүүгө даяр экендерин айткан.

1635892
Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам жиберет

Казакстандын президентинин катчысы Бекир Уали соцтармактан берген маалыматында президент Касым Жомарт Токаевдин өлкө калкынын атынан бир тууган Кыргызстанга гуманитардык жардам жиберүү чечимин кабыл алгандыгын билдирди.

Маалыматта бир туугандык, достук жана стратегиялык өнөктөштүк  принциптеринин алкагында Кыргызстанга бериле турган гуманитардык жардамдын негизинде 10 000 тонна ун жиберилери жана Казакстан өкмөтүнүн жардамдарын  алып баруу иштерин баштагандыгы белгиленди.

29 -  апрелде Кыргызстан  -  Тажикстан чек арасында болгон куралдуу кагылышуудан кийин кыргыз кесиптеши Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшкөн Токаев Кыргызстанга гуманитардык жардам берүүгө даяр экендерин айткан.



Тектеш кабарлар