Жапаров дүйнөлүк телекөрсөтүүлөрдөгү алгачкы маегин ТРТга берди

Жапаров ТРТ-Аваздын «Евразия күндеми» программасынын атайын берүүсүндө Жошкун Өзендин суроолоруна жооп берди.

1635244
Жапаров дүйнөлүк телекөрсөтүүлөрдөгү алгачкы маегин ТРТга берди

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров дүйнөлүк телекөрсөтүүлөрдөгү алгачкы маегин Түркия радио жана телеберүү мекемесине (ТРТ) берди.

Жапаров ТРТ-Аваздын «Евразия күндеми» программасынын атайын берүүсүндө Жошкун Өзендин суроолоруна жооп берди.

Жапаров Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерге токтолуп, эки өлкөнүн ортосундагы жаңы доордун босогосунда тургандыгын баса белгиледи.

Садыр Жапаров Түркия менен Кыргызстандын мамилеси илгертен бери бир туугандык мамиледе болуп келгенин белгилеп,«Биздин миң жылдык орток тарыхыбыз бар. Ошондуктан, Түркия жана башка түрк мамлекеттери менен мамилелерди бир туугандык мамиледе калыптандырууга аракет кылабыз», - деди.

Жапаров Түрк дүйнөсүндө дагы активдүү Кыргызстан болорун айтып, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) жана Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) маанилүүлүгүн баса белгилеп, бул уюмдардын жигердүү мүчөлөрү экендигин баса белгиледи.

ТРТны тыкыр байкап жүргөнүн баса белгилеген Жапаров, Кыргыз мамлекеттик КТРК каналы ТРТ менен кызматташууга боло тургандыгына көңүл бурду.

Кыргызстандын Президенти Жапаров эгер эки канал биргелешип иштөөнү чечсе, бардык керектүү колдоолорду көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.



Тектеш кабарлар