Азербайжан армиясы куралдуу учкучсуз учактар​ менен машыгууларды өткөрдү

Азербайжандын Коргоо министрлиги машыгуунун көрүнүштөрүн бөлүштү.

1633961
Азербайжан армиясы куралдуу учкучсуз учактар​ менен машыгууларды өткөрдү

Азербайжан армиясы, Түркияда чыгарылган «Байрактар» ​​куралдуу учкучсуз учактар менен машыгууларды өткөрдү.

Азербайжандын Коргоо министрлиги бөлүшкөн көрүнүштөрдө, «Байрактар» ​​куралдуу учкучсуз учактарынын ангардан чыгарылышы, алардын учуп-конуу тилкесине алынып барылышы, кызматкерлер тарабынан аткарылган текшерүү жана май куюу иштери камтылды.

Машыгуунун алкагында асманга көтөрүлгөн куралдуу учкучсуз учактар буталарды аныктап жок кылышты.



Тектеш кабарлар