Жапаров бузулган жана өрттөлгөн үйлөр мамлекет тарабынан оңдолоорун айтты

Жапаров буларды 1-майда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы «ок атышууну токтотуудан» кийин коомчулукка кайрылуусунда айтты.

1632671
Жапаров бузулган жана өрттөлгөн үйлөр мамлекет тарабынан оңдолоорун айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам үйлөрүн таштап кеткен 27 миңден ашуун жаранды «мекенине кайтууга» чакырды.

Жапаров 1-майда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы «ок атышууну токтотуудан» кийин коомчулукка кайрылды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам үйлөрүн таштап кеткен 27 миңден ашуун жаран бар экендигин белгилеген Жапаров: «Мен ар бир үй-бүлөнү өз жашаган жерине кайтып келүүгө чакырам. Чагымчыл аракеттерге алдырбаңыздар»,-деди.

Жапаров ошондой эле калабалуу окуялардын натыйжасында бузулган жана өрттөлгөн үйлөрдү мамлекет оңдоп бере турганынын убадасын берди.

Экинчи жагынан, аткаминерлер аймактагы кырдаал көзөмөлдө экендигин билдиришти.

«Головной» деп аталган суу бөлүштүрүүчү жайды көзөмөлгө алууга аракет жасоодон улам, 28-апрелде башталган чыңалуу 29-апрелде куралдуу жаңгалга айланып  эки тараптан 49 адам каза болуп, 260тан ашуун адам жаракат алышкан.

Аймактагы 27 миңден ашуун Кыргызстандын жарандары үйлөрүн таштап кетишкен.

Эки өлкөнүн бийликтери 1-майда «ок атышууну токтотуу» жана казармага аскерлерди алып кетүү жөнүндө макулдашты.

 



Тектеш кабарлар