Мустафа Шентоп Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы маселелерди чечүү боюнча токтолду

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп ТҮРКПАнын башкы катчысы Алтынбек Мамаюсуповду кабыл алды.

1633167
Мустафа Шентоп Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы маселелерди чечүү боюнча токтолду

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда болгон маселелерди туруктуу чечүү үчүн кадамдардын ташталышы керектигин айтты.

Шентоп ТҮРКПАнын башкы катчсы Алтынбек Мамаюсуповду кабыл алды.

Казакстанда Түркистан аймагында май  - июнь айларында мезгилдик жыйын өткөрүлөрүн белгилеген Шентоп буларды айтты : «ТҮРКПАнын мүчө өлкөсү катары акыркы күндөрдө Кыргызстан маселелерди жашады. Акыркы алган маалыматтарга караганда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда ок атышпоо жарыяланды, туруктуу болот деп ойлоймун. Кыргызстан менен Тажикстан дос жана боордош өлкөлөрүбүз. Чыккан чыр  - чатактарды чечүүчү үчүн кадамдардын ташталышын каалайбыз. Түркия катары биз бул тууралуу өзүбүзгө түшкөн милдетти аткарууга даярбыз».

Түркиянын ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн кызматташуусун түзүүдө ролунун чоң экендигин айткан Мамаюсупов да : «Түркия бул ролунда акыркы мезгилдерде дагы көп таасирдүү болууда. Буга акыркы жолу Азербайжанда күбө болдук. Азербайжандын жерлеринин алынышында Түркиянын колдоосу  абдан маанилүү болду»,- деди.



Тектеш кабарлар