Кыргызстан менен Тажикстандын кагылышуусунун кесепеттери

Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги 29-апрелдеги Баткен облусундагы куралдуу жаңжалда каза болгон кыргыз жарандарынын саны 34кө, жаракат алгандардын саны 173кө жеткенин билдирди.

1632226
Кыргызстан менен Тажикстандын кагылышуусунун кесепеттери

29-апрелде Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасында болгон куралдуу кагылышта каза болгон адамдардын саны  49га жетти.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги 29-апрелдеги Баткен облусундагы куралдуу жаңжалда каза болгон кыргыз жарандарынын саны 34кө, жаракат алгандардын саны 173кө жеткенин билдирди.

Тажик ММКлары ошондой эле жаңжалда каза болгон тажик жарандарынын саны 15ке чейин көбөйгөнүн, өмүрүнөн айрылгандардын 7си аскерлер экендигин билдиришти.

Тажик маалымат каражаттары буга чейин куралдуу жаңжалда 90го жакын тажик жараны жаракат алган деп жазып чыгышкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы суу бөлүштүрүүчү жайды көзөмөлдөө жаатындагы эки элдин ортосундагы чыңалуу 29-апрелде эки өлкөнүн чек ара аскерлери кирип келгенде куралдуу жаңжалга айланды.

Кагылышууда көптөгөн үйлөр, коомдук имараттар жана жумуш орундары зыянга учурады.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин байланышынын натыйжасында тараптарды мурдагы позицияларына кайтарып алуу, көйгөйдү сүйлөшүү жолу менен чечүү жана ок атууну токтотуу боюнча макулдашылган болчу.

Кечээ Кыргызстандын Баткен шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов өткөргөн жолугушуудан «ок атууну токтотуу» чечими кабыл алынды.

30-апрель күнү Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон үстүбүздөгү жылдын май айынын экинчи жарымында Душанбе шаарында жолугушуу өткөрүүнү макулдашышкан.



Тектеш кабарлар