Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери жолугушат

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон үстүбүздөгү жылдын май айынын экинчи жарымында Душанбе шаарында жолугушуу өткөрүүнү макулдашышты.

1631783
Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери жолугушат

Кыргыз Республикасынын президенттик аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалымдашынча  кечээ, 30-апрелде Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөштү.

Маалыматка ылайык, өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгүн өз ара урматтоо принциптеринин негизинде жана ынак коңшулук маанайда конструктивдүү диалог болду.

Мамлекет башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаалды жана аны тез арада жөнгө салуу чараларын талкуулашты.

"Мамлекет башчылары учурдагы тузүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен гана чечип, үстүбүздөгү жылдын май айынын экинчи жарымында Душанбе шаарында жолугушуу өткөрүүнү макулдашышты", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тараптардын өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрү бүгүн, 1-майда, Баткен облусунда өтөт.

ТИМ — Баткендеги “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайы Кыргызстанга таандык

Баткен облусундагы “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайы Кыргызстанга таандык. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин биринчи саясий департаментинин биринчи катчысы Эрмек Кыштобаев билдирди.

Кыштобаев “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайы Кыргызстандын аймагында жайгашканын жана ал Кыргызстанга таандык экендигин белгиледи.

Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга байланыштуу кайрылуу жасады

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-апрелде, мекендештерге Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги окуяларга байланыштуу кайрылуу жасады.

«Чек арада тынчтыкты көздөп, стабилдүүлүктү сактап калууга күч үрөгөнүбүзгө карабастан, айрым чагымчыл күчтөрдүн кесепетинен улам кыргыз-тажик чек арасында калабалуу окуялар башталып кетти.

Биз бул окуяларды ырбатпай, Кыргызстан менен Тажикстан элдеринин ортосундагы ынтымак-ырашкерликти сактап калуу үчүн эки күндөн бери бардык аракеттерди жасап жатабыз.

Чек ара тилкесин аныктоо - карапайым элден да, жетекчиликтен да өтө аярлыкты жана тыкан ишти талап кылган маселе.

Мындай олуттуу маселелер тынчтык сүйлөшүүлөрү аркылуу гана чечилип келген.

Тажик Республикасынын жетекчилери, байыркы тажик элинин акылгөй адамдары дагы ушундай эле көз карашта экенине ишенемин.

Биздин элдерге тынчтыкты сүйүүчүлүк, бирин бири урматтоо мүнөздүү.

Буга биздин көп кылымдык тарыхыбыз далил.

21-кылымда кыргыз менен тажик элдери ынтымакта жашоонун өрнөгүн көрсөтүүгө тийиш.

Тилекке каршы, куралдуу кагылышуунун аягы карапайым адамдардын тынч жашоосун бузуп, адам өмүрүнө жана экономикалык чыгымга алып келди.

Бир нече жылга созулган жарандык согушту баштан кечирген тажик эли дагы муну жакшы түшүнөт деген ойдомун.

Улуу Орозо айында мусулман калктарынын кырды бычак болуп кырылышып турганы жакшы жосун эмес.

Ошондуктан бардык тараптарды тынчтыкка чакырамын.

Тажикистандын президенти Эмомали Шарипович менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Чек аралар жана башка баардык маселелерди тынчтык жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечип алалы деп келиштик.

Учурдан пайдаланып, “Баткенге барабыз, элибизге жардам беребиз” деп демилге көтөрүп жаткан жаштарыбызга, мекенчил жарандарыбызга ыраазычылык билдиремин жана эмоцияга алдырбооңуздарды суранып кетемин.
Баарын тынчтык жолу менен чечип алалы!»,-деп жазылат мамлекет башчысынын кайрылуусунда.

Чек арадагы кагылышуу

Кыргызстан-Тажикстан чек арасындагы "Головной" деп аталган суу бөлүштүрүүчү жайды көзөмөлдөө боюнча 28-апрелде башталган чыңалуу 29-апрелде эки мамлекеттин эли бири-бирине таш ыргытуу менен уланды. Чек арага жакын айылдардагы кыргыздардын бир канча үйүн тажиктер өрттөп, дүкөндөрдү тоноп киришкен,мушташ мурунку күнү куралдуу жаңжалга айланып кеткен.

Андан соң Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн Кыргызстандын чек арага жакын айылдарына кол салып, өрт чыгарууларына каршы Кыргызстандын чек арачы күчтөрү жооп кайтарып, аларды сүрүп чыгаргандыгы жөнүндө маалыматтар келди. Өзгөчө аймактагы 800гө жакын кыргыз жаранынын коопсуз аймакка көчүрүлгөндүгү билдирилди. Ошондой эле тажик басма сөзүндө окуя болгон Чоркух айылында жашаган 100гө жакын аялдар менен балдардын Исфара шаарына эвакуациялангандыгы баса белгиленди.

Акыркы маалыматтарга караганда, чек арада чыккан чырдын кесепетинен кыргыз тараптан 31 адам каза болуп, 134 киши жабыркады. Каза болгондордун үчөө аскер. Кыргыз бийлиги ошондой эле куралдуу кагылышта жаракат алган 134 кишинин 49у Бишкектеги ооруканаларга жеткирилгенин билдирди.

Тажикстан тараптан 90дон ашуун адам жараат алып, 8и каза болгону жазылды.

Кечээ, 29-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлеринин ортосундагы бир нече сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча саат 20:00дөн баштап ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку турган абалына алып кетүү келишимине жетишилген.

Тараптар ок атышпоо жана аскерлерди чыгаруу боюнча келишсе да кагылышуулар улантылды.

30-апрелде Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөштү.

 



Тектеш кабарлар