Түрк Кеңеши Кыргызстан менен Тажикстанга чакырык салды

Амреев тараптардын ок атууну токтотуу чечимине канааттангандарын билдирди.

1631732
Түрк Кеңеши Кыргызстан менен Тажикстанга чакырык салды

Түрк Кеңеши, кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалуунун дипломатиялык сүйлөшүүлөр жана кеңешүүлөр аркылуу жөнгө салынышы керектигин белгилеп, кырдаалды турукташтыруу үчүн тараптарды чара көрүүгө чакырды.

Түрк Кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев, кыргыз-тажик чек арасындагы суу бөлүштүрүүчү жайды көзөмөлдөөнүн айынан келип чыккан чыр-чатактарга байланыштуу жарыялаган жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, эки тарапты тең чоң жоготууларга учураткан кырдаалдын курчушунун тынчсыздандыруу жаратканын билдирди.

Амреев тараптардын сүйлөшүүлөрдөн кийин ок атышпоо келишимине жетишкенине канааттангандарын билдирди.

Учурдагы көйгөйлөрдүн эки өлкөнүн ортосундагы коңшулук мамилелерге жараша дипломатиялык сүйлөшүүлөр жана кеңешүүлөр аркылуу гана чечилиши керектигин баса белгилеген Амреев: «Ушул алкакта Түрк Кеңеши өзгөчө кыргыз тараптын тынчтыкты калыбына келтирүүгө кошкон салымын баса белгилеп, тараптарды мындан ары да этият болууга жана чыңалууну күчөтө турчу кадамдардан алыс туруп учурдагы кырдаалды турукташтыруу үчүн биргелешкен чараларды көрүүгө чакырат. Түрк Кеңеши, уюмдун негиздөөчү мүчөсү болгон бир тууган Кыргызстан менен мындан ары да тыгыз байланышта болот», - деди.

Кыргыз-тажик чек арасындагы суу бөлүштүрүүчү жайдын көзөмөлүнөн улам чыккан куралдуу жаңжалда кеминде 33 адам каза болуп, 163 адам жаракат алды.



Тектеш кабарлар