Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы абал

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара чырын сүйлөшүү менен чечүүгө даяр экенин билдирди.

1631009
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы абал

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы суу бөлүштүрүү түйүнүн көзөмөлдөөдөн улам чыккан куралдуу кагылышууда эки тараптан 6 киши каза болуп, 115 киши жаракат алды.

Кыргызстандын жергиликтүү маалымат булактарынын билдиргенине караганда  кагылышууда Кыргызстан жараны 3 киши каза болуп, 84 киши жаракат алды.

Тажикстан маалымат булактары да Тажикстандын 3 жаранынын каза болгондугун 31 кишинин жаракат алгандыгын билдирген.

Россияга барган Кыргызстандын премьер  - министри Улукбек Марипов менен Тажикстандын премьер  - министри Кохир Расулзода жолугушуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалды талкуулады. Эки премьер  - министр  чек арадагы абалды  сүйлөшүү жолу менен эртерээк чечүүгө даяр экендерин билдиришти. Бир тараптан Кыргызстандагы жергиликтүү маалымат булактары кыргыз  -  тажик чек арасында жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:45те кагылышуу үндөрүнүн токтогондугун жарыялады.

Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дөн тарта аймакта толук ок атышпоо жана аскердик күчтөрдүн мурунку жайгаштырылган жерлерине чегиниши тууралуу келишти.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы суу булагын көзөмөлдөө тууралуу 28 -  апрелде чыккан жаңжал 29 -  апрелде эки элдин бири бирин атышуу менен улантылды.

Эки өлкөнүн чек ара бөлүктөрүнүн аракетке өтүшү менен кагылышуу чыкты, аймакка эки тараптан ок өткөрбөс унаалар менен аскер жиберилди.

Кагылышуулар болгон жерге жакын айылдардагы балдар менен аялдар эвакуацияланды.



Тектеш кабарлар