Кыргыз - тажик чек ара келишпестиги

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы суу бөлүштүрүүчү түйүндүн көзөмөлүнөн улам чыккан куралдуу кагылышта кеминде 13 адам каза болуп, 165 адам жаракат алды.

1631534
Кыргыз -  тажик чек ара келишпестиги

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы суу бөлүштүрүүчү түйүндүн көзөмөлүнөн улам чыккан куралдуу кагылышта кеминде 13 адам каза болуп, 165 адам жаракат алды.

Кагылышуулар шаршемби күнү чек арадагы суу булагын көзөмөлдөө камерасынын жайгаштырылышынан кийин башталган.

Тараптар ок атышпоо жана аскерлерди чыгаруу боюнча келишсе да кагылышуулар улантылды.

Кыргызстан каза болгондордун санын билдирсе, Тажикстан боюнча маалыматтар белгисиз.

Бир тараптан Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров соцтармактан берген билдирүүсүндө : «Кыргызстандын бардык тургундарын, баарынан мурда саясий күчтөрдү жана маалымат каражаттарын тынч болууга, чагымчылдыкка баш ийбөөгө, кастыкты жана пикир келишпестиктерди жаратпоого чакырам", - деди. Өзгөчө аймактагы 800гө жакын кыргыз жаранынын коопсуз аймакка эвакуациялангандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар