Түрк Кеңешинин башкы катчысы Амреев АКШнын президентинин билдирүүсүн айыптады

Түрк Кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байдендин 1915-жылдагы окуялар боюнча билдирүүсүн жазуу түрүндөгү билдирүүсү менен айыптады.

1627902
Түрк Кеңешинин башкы катчысы Амреев АКШнын президентинин билдирүүсүн айыптады

Түрк Кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байдендин 1915-жылдагы окуялар боюнча билдирүүсүн айыптагандыгын билдирди.

Амреев өзүнүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Байдендин 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу саясий негиздеги билдирүүсүнө, тарыхый фактыларга карабастан жана аймактагы кызматташтык жана туруктуулук үмүтүнө доо кетире тургандыгына карабастан саясий мотивациядагы жарыялоосуна капа болгондугун билдирди.

Мамлекеттерди жана алардын элдеринин тарыхый, илимий жана укуктук негиздери жок бактысыз саясий максаттар үчүн башка мамлекеттердин парламенттери же администрациялары тарабынан жоопко тартылбашы жана соттолбошу керектигин белгилеген Амреев: «Тескерисинче, 1915-жылдагы окуялар эл аралык укукту жана тиешелүү эл аралык документтерди эске алуу менен ачык-айкын жана акыйкат иликтениши керек»,-деп айтты.

Амреев башка өлкөгө каршы бурмаланган тарыхый дооматтарды курал-жаракка айландыруу коомдор арасында жек көрүүчүлүктү, өч алууну жана кастыкты күчөтүүнү каалагандарга гана кызмат кылат деди.

Амреев: «Мен АКШ президентинин билдирүүсүн айыптайм жана тарыхты саясий максаттар үчүн бурмалоо же «тарыхты кайра жазуу» аракеттери жана саясий репрессиялар үчүн пайдалануу өлкөлөр менен элдердин ортосундагы поляризацияга алып келет жана биздин чөлкөмдө тынчтык менен туруктуулукка тоскоол болот», деген баасын берди.

Ушундан улам, Түркиянын 1915-жылдагы окуялардын тарыхчылар тарабынан иликтениши үчүн биргелешкен Тарых комиссиясын түзүү демилгеси көтөрүлүп жана бул максатта архивдердин ачылышы мактоого арзырлык болгонун белгилеген Амреев, анын тарыхый чындыкты ачып жана адилеттүү эс тутум жаратууну каалагандарга конструктивдүү мамиле жасагандыгы жана ак ниеттүүлүктүн белгиси болгондугун баса белгиледи.



Тектеш кабарлар