Тарыхтын бурмалоо менен кайра жазылуусу кабыл алынгыс

Азербайжан Улуттук Мажлисинин Төрайымы Сахибе Гафарова жана Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов түрк кесиптештерине телефон аркылуу чалып, Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байдендин билдирүүлөрүнө кыжалат болгондуктарын айтышты.

1627796
Тарыхтын бурмалоо менен кайра жазылуусу кабыл алынгыс

Азербайжан Улуттук Мажлисинин Төрайымы Сахибе Гафарова жана Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов түрк кесиптештерине телефон аркылуу чалып, Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байдендин 1915-жылдагы окуяларды «геноцид» деп сыпатташына кыжалат болгондуктарын билдиришти.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп, социалдык медиа эсептеринен бөлүшкөн маалыматында, Азербайжан Улуттук Мажлисинин Төрайымы Гафарова өзү телефон чалып, Байдендин билдирүүсүнө кыжалат болгондугун билдиргенин айтты.

Шентоп бөлүшүүсүндө: «Мен бул билдирүүлөр саясий мүнөзгө ээ экендигин, эч кандай тарыхый жана юридикалык баалуулукка ээ эмес жана аймактын тынчтыгына пайда алып келбей тургандыгы боюнча бирдей пикирде болгонубузду көрдүм. Мен урматтуу Азербайжан Улуттук Мажлисинин Төрайымы Сахибе Гафаровага ар дайым биз менен сезимдерин бөлүшкөндүгү жана кылдаттыгы үчүн ыраазычылык билдирем»,деген сөздөргө орун берди.

Азербайжандын тышкы иштер министри Байрамов дагы тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда сүйлөшүүдө Байрамов, Түркияны колдой тургандыктарын кайталады жана тарыхтын бурмалоо менен кайра жазылуусунун кабыл алынгыс экендигин айтты.



Тектеш кабарлар