ТКТРнын президенти Эрсин Татардын атасы каза болду

Рүстем Татардын жаназасы бүгүн Лефкоша мүрзөсүнө Ковид  - 19 эрежелеринин алкагында үй  - бүлө жакындарынын катышуусу менен көмүлөт.

1627362
ТКТРнын президенти Эрсин Татардын атасы каза болду

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татардын атасы Рүстем Татар каза болду.

Кипр түрк калкынын улуттук күрөшүнүн ар бир баскычында абдан чоң милдеттерди аткарып, маанилүү кызматтарды аркалаган Рүстем Татар бүгүн эрте менен каза болду.

Рүстем Татардын жаназасы бүгүн Лефкоша мүрзөсүнө Ковид  - 19 эрежелеринин алкагында үй  - бүлө жакындарынын катышуусу менен көмүлөт.

Рүстем Татар 1930 -  жылы 23 -  октябрда Пафостун Якажык айылында төрөлгөн.

Рөстем Татар 1984 – 2005 -  жылдары БУУнун байкоосу астында кызмат кылган Дайынсыз жоголгон адамдар комитетинин Кипр түрк өкүлү катары кызмат кылган.

Татар 2005 – жылдан кийин мамлекетке көптөгөн кеңешетерин берип маанилүү салымын кошкон.

Вице  - президент Фуат Октай атасы каза болгон Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татарга көңүл айтты.



Тектеш кабарлар