Кыргыз министр Ковид-19га каршы уу коргошундун кайнатмасын ичип көрсөттү

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйынында уу коргошун өсүмдүгүнүн кайнатмасын ичти.

1623229
Кыргыз министр Ковид-19га каршы уу коргошундун кайнатмасын ичип көрсөттү

Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирусту (Ковид-19) дарылоодо уулуу өсүмдүктү колдонгонун жарыялады.

Маалымат жыйынында Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошун өсүмдүгүнүн кайнатмасын ичти.

Бейшеналиев «уу коргошун» деп аталган уулуу тамырдан даярдалган чайдын Ковид-19га каршы натыйжалуу болгонун жүйө келтирди.

Кыргыз министр ошондой эле уу коргошундун кайнатмасын ыктыярдуу бейтаптарга бере башташканын айтып, 300 бейтап ушул чөптүн жардамы менен айыгып кеткенин билдирди.

Клиникалык сыноолор уланып жаткандыгын эске салган Бейшеналиев, бул тамыр элдик медицинада кант диабети, эмчек жана ашказан рагы менен бронхит сыяктуу ооруларды дарылоодо колдонулганын түшүндүрдү. Андан кийин ал бул суюктукту туура колдонбосо өлүмгө алып келиши мүмкүн экендигин баса белгиледи.

Бул өсүмдүк Кыргызстандын түндүгүндө гана өсөт.

Ал илгертен бери Орто Азия өлкөлөрүндө жана Индияда салттуу медицина тармагында дары өндүрүшүндө колдонулуп келген.



Тектеш кабарлар