Түркиянын "Мавера" сериалы Казакстанда көрсөтүлөт

19 -  апрелден тарта көрсөтүлө турган сериал Кожо Ахмет Ясавунун билинбеген жактарын баяндайт. «Маверанын» бир гана Түркияда эле эмес, Казакстанда да чоң кызыгуу көрөрү күтүлүүдө.

1622711
Түркиянын "Мавера" сериалы Казакстанда көрсөтүлөт

 Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемеси ТРТ тарабынан даярдалган жана Кожо Ахмет Ясавунун өмүр баянын тема кылып алган «Мавера» сериалы Казакстандын улуттук каналы "QAZAQSTAN TVда" көрсөтүлө баштайт.

19 -  апрелден тарта көрсөтүлө турган сериал Кожо Ахмет Ясавунун билинбеген жактарын баяндайт. «Маверанын» бир гана Түркияда эле эмес, Казакстанда да чоң кызыгуу көрөрү күтүлүүдө.

Сериалды Казакстанда көрсөтүү чечими Казакстан информация жана социалдык өнүгүү министри Аида Балаеванын 5 – 6 -  апрелде Түркияга жасаган расмий сапарында ТРТнын Башкаруу Кеңешинин төрагасы жана башкы директору Ибрахим Эрен менен жолугушуусунда чыгарылды.

Сериал ТРТ тарабынан жаңы форматта тартылды. «Мавера» деген сөз азыркы дүйнөнүн көрүнбөгөн жактары дегенди билдирет.



Тектеш кабарлар