Азербайжандын президенти Алиев Белорусиянын президентин кабыл алды

Белорусиянын президенти Александр Лукашенкожолугушууларды өткөрүү үчүн Азербайжага барды жана президент Илхам Алиев менен жолугушту.

1621334
Азербайжандын президенти Алиев Белорусиянын президентин кабыл алды

Белорусиянын президенти Александр Лукашенко жолугушууларды өткөрүү үчүн Азербайжага барды жана президент Илхам Алиев менен жолугушту.

Азербайжан президенттигинен берилген маалыматка караганда Илхам Алиев Лукашенко менен жолугушууда өткөн жылы Ковид- 19 эпидемиясына карабастан Белорусияга карата экспорттун өскөндүгүн айтты. Алиев Армениянын оккупациясынан бошотулган Карабахты калыбына келтирүү боюнча токтолуп : «Белорусия фирмаларынын өлкөңүздөрдөгү агроөнөр жай комплекстерин түзүү боюнча тажрыйбаларын билебиз. Ошондуктан оккупациядан бошотулган жерлердин калыбына келтирилиши жактан бул маселе жолугушубузда өзгөчө орунда турат»,- деди.

Азербайжан менен Беларуссиянын ортосундагы мамилелерде эч кандай маселенин жок экендигин баса белгилеген Алиев, үзгүлтүксүз карым-катнаштар болгон иштер жөнүндө сүйлөшүүгө, кийинки таштала турган кадамдарды өлчөөгө жана эки дос өлкө катары алдыга жылууга мүмкүнчүлүк бергендигин айтты.

Беларуссиянын президенти Лукашенко да эки өлкө ортосунда саясий жана экономика тармагында ар тараптуу жана туура мамилелердин бар экендигин белгилеп : "Бул мамилелерге эч ким зыян келтире албайт. Биз эч кимге тоскоолдук жараткан жокпуз жана эч ким тоскоол боло албайт",- деди.

Карабахтагы жеңишке токтолгон Лукашенко : "Азербайжан өзүнүн улуттук кыялын ишке ашыруу үчүн чоң кадам таштады бирок бул биринчи кадам. Боштулган жерлерде жашоону кайрадан калыбына келтирүү үчүн көп күч-аракет талап кылынат. Беларусияда ишенимдүү досторуңуздардын бар экендигин жана биздин мүмкүнчүлүктөрүбүздү билесиздер ",- деди.

Жолугушуудан кийин эки өлкөнүн ортосунда айыл- чарба, туризм жана энергетика тармактарында кызматташуу келишимдерине кол коюлду.



Тектеш кабарлар