Алиев: «Армения «Искандер-М» баллистикалык ракетасын колдонгон»

Алиев Бакуда Карабах согушунда армян армиясынан колго түшкөн курал-жарак жана брондолгон унаалар жайгашкан «Согуш олжолору музейин» ачты.

1619817
Алиев: «Армения «Искандер-М» баллистикалык ракетасын колдонгон»

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Карабах согушунда Армения Азербайжанга каршы Россияда жасалган «Искандер-М» баллистикалык ракеталарын колдонгонун жарыялады.

Алиев Бакуда Карабах согушунда армян армиясынан колго түшкөн курал-жарак жана брондолгон унаалар жайгашкан «Согуш олжолору музейин» ачты.

Алиев 5 гектар аянтта ачык асман алдында курулган музейге барып, көргөзмөгө коюлган курал-жарак жана унааларды карап чыкты.

Алиев музейге коюлган «Искандер-М» ракеталарынын калдыктарын көрсөтүп жатып: «Армяндар бул ракетаны Шушага аткан. Бул ракеталар армян армиясына кайдан келген? Аларда мындай ракеталар болбошу керек эле. Мына далил. Бул Армениянын согуш кылмышынын далили жана биз ага жооп алууну каалайбыз. Армения кантип бул кыйратуучу куралга ээ болду?  Биз азырынча жооп ала элекпиз, бирок биз алабыз. Армения биздин тарыхый шаарыбыз Шушаны «Искандер-М» ракеталары менен жок кылууга аракет кылып жаткандыгын бардыгы көрүшсүн. Алар биз Шушаны бошоткондон кийин ушул ракетаны колдонушту. Жетиштүү маалыматка ээбиз. Бир гана расмий билдирүү күтүп жатабыз. Ар ким келип көрөт. Бул армян мыкаачылыгы жана согуш кылмыштарынын дагы бир далили болуп саналат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар